Бүгүн, 2-октябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкек шаарындагы Ала-Тоо жаңы конушундагы мектептин курулушун көрүп чыкты. Мекемени кыдырып чыккандан кийин өкмөт өкүлү Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетовго жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашевге курулуш ишин сапаттуу жана өз учурунда бүтүрүү тапшырмасын берди.
Биринчи вице-премьер Бишкек мэриясына 10-ноябрга чейин аталган конуштун борбордук көчөсүнө асфальт төшөө милдетин жүктөдү.