Эльвира Сариева: "Мектептик билим берүүнүн чыгымдарын кыскартуу улантылууда"

Бүгүн, 2-октябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева мектептик билим берүүнү каржылоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында мектептерде билим берүүнү толук көлөмдө каржылоо тууралуу норманы мыйзамдуу түрдө бекитүү жана мектептерди приоритеттүү каржылоону жана мектептик билим берүүнү каржылоо чыгымынын деңгээлин кыскартпоо сунушталды.

“Мектептик билим берүүгө чыгымдар, пенсия, жөлөк пул жана башкалар сыяктуу корголгон беренелер боюнча бир тизмек менен жүргүзүлүшү шарт. Ушул жылдын бюджетин аткаруунун жүрүшүндө мектептик билим берүүнүн чыгымдарын кыскартуу улантылууда. Парламент тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга карата республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолдору жөнүндө” мыйзамындагы мектептерди каржылык камсыздоо жаатындагы өзгөртүүлөр колдоого алынса, анда мектептик билим берүүнүн туруктуу тутумун өнүктүрүүгө жана мугалимдерди колдоого мүмкүндүк түзүлөт",- деди вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан