Темир Сариев: "Кыргызстанда автоунаалар кескин кымбаттабайт"
Кыргызстанда автоунаалар кескин кымбаттабайт. Муну экономика министри Темир Сариев парламенттин 2-октябрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын билдиршинче, өлкөгө алынып кирген унааларга бажы алымын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтому унаа базарына кескин таасирин тийгизбеши керек. "Көп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок, мисалы, 2 миң кубдук унаанын бажы алымына 22-сентябрда 10 цент же 200 доллар гана кошулду. Азыр эл деле акылдуу, базарга барып сатуучуга "сенин унааңдын бажы алымына 200 доллар эле кошулду, унааңды 200 доллар гана кымбаттата аласың" деп айтышы керек. Мына карагыла, базарда 20-30 миң автоунаа өтпөй турат, баалар кескин кымбаттабайт",- деди министр.