Бишкекте бензиндин баасы 1 күндө 80 тыйынга көтөрүлдү, учурда АИ-92нин баасы 49 сомго чамалады
3-октябрга карата Бишкектеги айрым май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 48 сом 80 тыйынга чыкты. Бул бир күн мурунку баага салыштырмалуу 20 тыйынга кымбат. АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 41 сом 20 тыйынды (кечээ 40 сом 50 тыйын болчу), АИ-95тин баасы 52 сомду (кечээ 51 сом 20 тыйын болчу) түзүп жатат. Дизель майынын баасы өзгөргөн жок, 43 сом 80 тыйындан сатылууда. Ал эми айрым май куюучу жайларда баа өткөн аптадагыдан өзгөрүүсүз калды.