Бүгүн, 3-октябрда президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бишкектин Октябрь районундагы Тоголок Молдо атындагы №71-жалпы орто билим берүүчү жатак-мектебинде болду. Иш-чарада өлкө башчы жардамга муктаж болгон жетим балдарга жана карыларга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын билдирди. "Кээ бир адамдардан ыйман качты. Алар өзүнүн байлыгын эле ойлоп, жардам көрсөтүүнү унутуп калышты. 2-3 унаага ээ болушуп, курсактары эч тойбой койду",- деп кызууланды президент.Андан соң өлкө башчы мекеменин башчысына 1 миллион сом акчалай жардам катары сертификат тапшырып, китептерди берди.