"Бир бол" мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарды ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Курман айт ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана кең пейилдүүлүккө чакырат. Курман айт - маркумдарга куран түшүрүп, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга, улуттар аралык ынтымак менен достукту бекемдөөгө үндөгөн, мусулмандар үчүн ыйык майрам.

Мусулмандык парзын аткаруу максатында касиеттүү Меккеге зыяратта жүргөн кыргызстандыктардын ажылыгы кабыл болсун. Жараткан жерибизге ынтымак, биримдик, береке, элибизге, ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык берсин!

Айтыңыздар маарек болсун! Бар болуңуздар! Бир болуңуздар!

“БИР БОЛ” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясы

Кененирээк маалымат бул жерде: 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан