Кыргызстанда кант кызылчасы эгилген аянтты 15 миң гектарга чейин көбөйтүүгө мүмкүн

Кыргызстанда быйыл 7300 гектарга кант кызылчасы эгилген, бул аянтты 15 миң гектарга чейин көбөйтүүгө мүмкүн. Муну айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев 7-октябрда кытайлык ишкерлер менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда Чүй облусуна кант кызылчасын кайра иштете турган завод куруу маселеси талкууланды. "Кытай компаниясынын өкүлү Хиннинг Жу кытай тарап айыл чарба тармагында Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин, Кемин районуна кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишкана куруу сунушу берилгенин айтты. Сунуш өкмөттөн колдоо тапса, Кытай бул ишке инвестиция салмакчы",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан