Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин жарандык авиациянын деңгээли өсөт"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда Кыргызстандагы жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 
"Урматтуу жарандык авиациянын кызматкерлери! 
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын күнү менен куттуктайм. Биздин азыркы жашообузду жарандык авиациясыз элестетүү мүмкүн эмес. Көз карандысыз Кыргызстандын жарандык авиациясы алгачкы жылдары көп кыйынчылыктарды баштан кечирди. Эң башкысы - маанилүү тармак сакталуу бойдон калды, бүгүн биз анын кайра жаралышын көрүп жатабыз. Жарандык авиация мурунку муун баштаган ишти улантып, жүргүнчү жана жүк ташуу коопсуздугун камсыз кылып, жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө жоопкерчиликтүү болушу керек. Абада жүк ташуу системи боюнча дүйнөдө татыктуу ордун ээлеши шарт",- деп башталган куттуктоодо Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен тармактын потенциалы дагы көтөрүлөрү айтылат. 
Мамлекет башчы СССРдин Эмгек сиңирген учкучу Ишенбай Абдраимовдун тармакка кошкон салымын белгилеп, авиация кызматкерлерине бекем ден соолук, бакыт, ачык асман жана ийгиликтүү учууларды каалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан