Мыктыбек Абдылдаев "балдар мектепке барбай ата-энесин багып жатат, биз муну унутпашыбыз керек" деди

Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 7-октябрдагы отурумунда Кыргыз Республикасында балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоору каралды.

Талкуу учурунда депутат Мыктыбек Абдылдаев жыйынга катышып жаткан министрликтердин өкүлдөрүнөн учурда канча бала мектепке барбай жатканын сурады.

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев 2217 бала мектепке барбай турганын билдирди. Депутат "Министрликтер так эсебин билбесе, мен билем, 2217 эмес, 10 миңден ашат. Кайсы базарга барба, андай балдар жайнайт. Бүгүн алар мектепке барбай ата-энесин, үй-бүлөсүн багып жатканын унутпашыбыз керек. Биз алар менен иштешпей жатабыз. Ошон үчүн балдар укугу боюнча юстициялык программа керек",- деди Абдылдаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан