Түштүк Кореядан айыл чарба тармагы боюнча бир катар долбоорлорго инвестиция тартылат

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын делегациясынын Түштүк Кореяга болгон иш сапарынын жыйынтыгы талкууланды.  

Иш сапар тууралуу маалымат берген айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев айыл чарба багытындагы бир катар долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр болгондугун, анын негизинде Кыргызстандын айыл чарбасына 40 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция киргизүүгө корея тараптын даяр экенин билдирди. Анын негизинде логистикалык борбор, эт өнүмдөрүн иштетүүчү жана сактоочу жай, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу, картошка үрөнүн өркүндөтүү боюнча культивациялык камера, бир катар күнөсканаларды куруу пландаштырылууда. Мындан сырткары ирригациялык жана мелиорациялык долбоорлор да бар.

Айыл чарба министрлиги менен тыгыз кызматташып келе жаткан Корея тараптын өкүлү Лим Хен Кванг кыргыз делегациясынын Кореяга болгон иш сапары жемиштүү болгондугуна токтолду. Анын белгилөөсүндө, корея тарап инвестиция гана киргизип тим болбостон, лабораториялар, күнөсканалар жана башкалар боюнча Кыргызстанга келип, окутуу, үйрөтүү макулдашылды.

Жыйынтыгында айыл чарба тармагына багытталган долбоорлорду тез аранын ичинде дыкаттап сапаттуу иштеп чыгуу Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Экономика министрлигине тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан