"Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн Бажы биримдигине кирүү демилгесин колдоду

7-октябрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда "Кыргыз Республикасынын Беларусь, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине кирүүсү жөнүндө" маселе каралды.

Талкуу жыйынтыгында өкмөттүн товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана жумушчу күчүнүн кыймыл эркиндигин камсыз кыла турган Бирдиктүү экономикалык мейкиндиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын сөзсүз кошулуусунун шартында Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Орусия Федерациясынын Бажы биримдигине да кирүүсү жөнүндө демилгеси колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан