“Талас облусунда төө буурчактын 50 пайызы жыйналбай, кар алдында калды”,- деп билдирди депутат Дастан Жумабеков бүгүн, 8-октябрда парламент жыйынында. Депутат эгиндин жыйналбай калышына Таласта күйүүчү майдын жоктугу себеп болуп калганын кошумчалады. “Азыр Таластын тургундары тынымсыз чалып жатышат, “төө буурчактарыбыз талаада калды” деп. Төрт күн күйүүчү май жок, эгиндерин жыйнай албай калышыптыр. Ушуга өкмөт чара көрүп берсин”,- дейт Жумабеков.