"Кызматтык унааларынын KG номурларын көңүлдөштөрүнө берген депутаттардын аттары ачык айтылышы керек". Муну парламенттин 8-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков айтып чыкты. "Этика нормалары бар, бул жерде мамлекеттик кызматкердин тазалыгы тууралуу сөз болууда. Эгер МАИнин башчысы чын эле номурларын тартуу кылган депутаттарды билсе, бул жерге келип ачык айтсын. Эгер андай фактылар жок болсо, мындай жетекчинин (Жол-кайгуул кызматынын башчысы) иштөөгө укугу жок",- дейт Исаков.