Исмаил Исаков "маданият министрлигине талапкер депутаттарга акча бергени айтылууда" дейт

Парламенттин 8-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков "Жогорку Кеңеште "маданият министрлигине талапкер депутаттарга бир нече миң сом бериптир" деген ушак айтылууда" деп билдирди. Депутаттын билдиришинче, талапкер берген акчаны "Ар-намыстын" лидери Кулов депутаттарга 3-4 миңден бөлүп бергени айтылып жатат. Министрликке талапкер Алтынбек Максүтов бул сөздөрдүн чындыгы жок экенин айтты. "Мен талапкер болуш үчүн бирөөгө бир тыйын берген эмесмин. Муну абийирим менен айта алам",- деди талапкер.   
Мындан кийин депутат Анарбек Калматов акча таратуу тууралуу сөздөр боюнча депутат Исмаил Исаковду абайлап сүйлөөгө чакырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан