Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу келишимине жыл аягына чейин кол коюлат

7-октябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилиги астында өкмөт жыйыны өтүп, анда Бирдиктүү экономикалык аймакка Кыргызстандын кошулушу боюнча жол картасы талкууланды.

“Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча жол картасы – бул биздин өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө карай жасаган дагы бир кадамы. Биз интеграциялык процесстердин алкагындагы өздүк милдеттенмелерибизди толук көлөмдө жана ырааттуу аткарып жатабыз. Менин ишенимимде, жыл соңуна чейин Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу жөнүндө келишимге кол коё алабыз",- деди Оторбаев.

Учурда кыргыз тараптан Бажы биримдигине кошулуу боюнча жол картасын ишке ашыруу иштери дээрлик жыйынтыкталып калганын, бул маселе өлкө президентинин, парламенттин жана премьер-министрдин көзөмөлүндө экенин кошумчалады өкмөт башчы.

Жыйынтыгында өлкөнүн Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулушу боюнча жол картасын жактыруу чечими кабыл алынды.

Өкмөттөн билдиргендей, быйыл 10-октябрда Минск шаарында мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Анда башка маселелердин катарында Евразиялык экономикалык биримдикти уюштурууну эске алуу менен, курамына Беларусь, Казакстан жана Орусия кирген Бирдиктүү экономикалык аймакка Кыргызстандын кошулушу боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан