Түркия бийлиги күрддөрдүн массалык нааразычылык акциясынын жүрүшүндө 14 адам каза болгондон кийин коменданттык саат киргизди. Муну 8-октябрда чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Коменданттык саат Диярбакыр, Мардин, Сиирт, Муш, Ван, Батма провинцияларына киргизилди. "Нааразычылык акциясына чыккандар көчөлөрдү бошотушу керек, болбосо кырдаал татаалдашып кетет. Күч колдонуу жоопсуз калбайт",- деп билдирди Түркиянын ички иштер министри Эфкан Ала. 6-октябрда башталган массалык толкундоолордо ондогон дүкөндөр, имараттар, автоунаалар таш жана ичине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр менен талкаланды.
Күрддөрдүн көчөгө агылып чыгышына "Ислам мамлекетинин" аракеттери себеп болууда. Нааразычылык акциясына чыккан күрддөр Кобани шаары (Сирия менен Түркиянын чек ара аймагындагы шаар, күрд автономиясынын борбору деп саналат) дээрлик исламчылардын кол алдында калганын айтышууда. Буга чейин күрддөр Европарламенттин имаратынын алдында, Нидерланды парламентинин алдында пикет өткөрүшкөн.