Бүгүн, 28-январда саат 07:00 чамасында Бишкек шаарындагы Чүй - Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөк жолдон өрт чыкты. Кырсыктан компьютер кызматы менен элди тейлеген 3 контейнер күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн божомолунда, тилсиз жоо контейнердин ичинде жайгашкан компьютерден келип чыккан. Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда.