Бишкекте биринчи жолу айыл чарба азык-түлүктөрүн ортомчусуз алып келип саткан "Агро" аттуу дүкөн ачылат

“Кыргыз айыл чарба азык-түлүк корпорациясы” калктын жакыр жашаган катмарын колдоо максатында ушул жылдын март айында Бишкектин Аламүдүн кичи районунда “Агро” аттуу дүкөн ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу аталган корпорациянын маалымат кызматы билдирди. Бул дүкөндүн ачылышы менен өлкөдөгү дыйкандар өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүн ортомчусуз, түз алып келип сатуусуна шарт түзүлөт. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай дүкөндөр Бишкектин башка аймактарында жана облустук, райондук борборлордо ачылмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан