Алмазбек Атамбаев: "1924-жылдын 14-октябрында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышынын негизи түптөлгөн"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-октябрда КРнын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушуп, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнүн 90 жылдыгын талкуулады. Мамлекет башчы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшү өлкөнүн жаңы тарыхынын негизги барактарынын бири экенин белгиледи. "1991-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгү кайра жаралса, мындан туура 90 жыл мурун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышынын негизи түптөлгөн",- деди өлкө жетекчиси. 
Кара-Кыргыз автономдуу облусу улуттук маданияттын кайра жаралышына, билим берүүнүн, адабияттын, искусствонун өнүгүшүнө, жаңы экономика менен өндүрүштүн жаралышына шарт түзгөнүн кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан