Кыргызстанда пенсионерлердин 68 пайызы айыл жеринде, 32 пайызы шаарларда жашашат. Мындай маалымат Социалдык фонддун пенсия системинин учурдагы абалы боюнча 2012-жылдагы отчётунда жазылат. Маалыматка ылайык, пенсионерлердин 8 пайызы иштейт. Ошондой эле 60 пайыз пенсионерлер жашоо минимумунун төмөнкү өлчөмүндө пенсия алышат.