"Дордой" футболдук клубу Азиядагы эң мыкты 300 клубдун ичинен 92-орунга ээ болду.
28-январда Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясы XXI кылымдагы Азиянын эң мыкты футбол клубдарынын тизмесин жарыялады.
2001-2012 жылдардагы расмий түрдө өткөн футболдук оюндардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн тизмеге 300 футболдук клуб кирди. Алардын ичинен Кыргызстандын "Дордой" клубу 390 упай менен 92-орунга, "Алга" 220-орунга, «Жаштык Ак-Алтын» 226-орунга, «Абдыш-Ата» 243-орунда жана «Алай» футболдук клубу 280-орунга илинди. Бул тизменин 1-орунунда Сауд Арабиянын «Ал-Хилол» жана «Ал-Иттиход» футболдук клубдары тургандыгы белгилүү болду.