Асылбек Жээнбеков Казакстанда учактын кырсыкка кабылышына байланыштуу Казакстан Парламентинин жетекчилигине көңүл айтты

Төрага Асылбек Жээнбеков Казакстандын Парламент Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен Парламент Сенатынын төрагасы Кайрат Мамиге 29-январында Алматы шаарына жакын жердеги көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Көңүл айтуунун тексти төмөндөгүдөй: 

"2013-жылдын 29-январында Алматы шаарына жакын жердеги көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген авиакырсык тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргызстан калкы Казакстан элинин орду толгус жоготуу кайгысын кошо бөлүшөт. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен, алардын аза кайгысын тең бөлүшөм". Айта кетсек, Казакстандагы авиакырсыктан 20 адам каза болгон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан