29-январда саат 19:50 чамасында Чүй облусунун Кемин районунда автокырсыктан 5 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Бишкек – Торугарт унаа жолунда 5 автоунаа сүзүшүп, окуядан каза болгондордон сырткары 4 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Учурда бул оор кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип, каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү, жашаган жери такталууда.