Жер титирөөнүн кесепетинен Түп районунда 12 турак үй авариялык абалга келди

28-январдагы күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районунда 12 турак жай авариялык абалга келди. Айта кетсек, райондун Талды-Суу айылында 3, Тогуз-Булак айылында 2, Токтоян айылында 3 турак үй, Чоң-Тогузбай айылында 2, Сары-Дөбө айылында 2, Арал айылында 2 үй жана Миң-Булак айылында 1 үй капиталдык оңдоого муктаж. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Жер титирөөнүн кесепетин иликтеген райондук жарандык коргоо комиссиясынын текшерүү иштери бүгүн, 30-январда дагы улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан