Өкмөт башчы: "Электр энергиясын 700 киловатт-сааттан ашык колдонгондор 2,4 сомдон төлөшөт"

Кыргызстанда электр энергиясын 700 киловатт-сааттан ашык колдонгондор 2,4 сомдон төлөшөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, электр энергиясынын баасы бир нече шарттардан көз каранды. "Казакстандын Жамбыл райондук электр станциясынан Кыргызстанга 1,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясы импорттолмокчу. Анын баасы кымбат болууда. Анткени бул көрсөткүч транзит, салыктар жана аталган станцияга орусиялык "Газпром" ишканасынан келген күйүүчү майдын баасынан чыгат. Жыйынтыгында 5,5 сом тегерегинде болууда. Импорттолчу электр энергиясы биздики менен аралашып, элге 2,4 сомдон берүү сунушталууда",- деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан