Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев начар иштеген жетекчилер кызматтан бошотулуп жатканын айтты. Жыйында депутаттар өкмөт башчыдан быйыл экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны аткара албаган канча жетекчи жумуштан алынганын сурашты.
“Бир ай мурун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы программаны аткара албай калгандыктан кызматтан алынды. Сөзсүз тартип болушу керек. Мындан ары да иштей албаган жетекчилер кызматынан бошотулушат”,- деди өкмөт башчы.