Алмазбек Атамбаев: "Манас" барда кыргыз бар, кыргыз барда Саякбай Каралаевдин жаркын элеси жашай бермекчи"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-ноябрда мекендештерди залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу бүгүнкү салтанаттуу аземдин катышуучулары!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди залкар манасчы, "XX кылымдын Гомери" Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Улуу инсан Саякбай Каралаев "Манас" эпосун жан дүйнөсүндө тутуп, энциклопедиялык тактык менен ар бир сюжетин кеңири коомчулукка жеткире алган.

Жарым миллиондон ашык саптан турган оозеки чыгарманы жогорку актёрдук ыкма менен айтып аткаруу эч бир дүйнө элдеринде кездешпеген феномен. Бул - көчмөн цивилизациясынын рухий дөөлөтүнүн бийик ченеми.

Саякбай Каралаев "Манас" менен кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытты. Залкар манасчыны эскерип, ага таазим этүү ар бирибиз үчүн бийик парз.

Баарыбызга белгилүү болгондой, быйылкы жылы ЮНЕСКО тарабынан өлкөбүзгө «Манас» үчилтигинин адамзатынын материалдык эмес маданият мурастарынын тизмесине киргизилгендиги жөнүндөгү тастыктама берилди. Бул тарыхыбызда элибиз үчүн сыймык боло турган окуя болуп калды.

Сиздер билгендей, 2014-жыл "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы" деп жарыяланган. "Манас" эпосунда кыргыз коомунун салттуу саясий түзүлүшү жана мамлекетти башкаруу институттары, элдин нарк-насили, каада-салты кеңири чагылдырылган. Демек, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн негиздери ата-бабаларыбыздан калган рухий мурас "Манас" эпосунда бар.

Кыргыз эли дүйнөлүк оозеки чыгармачылыктын туу чокусу болгон "Манас" эпосун жаратып, Саякбай Каралаевдей улуу инсандарынын рухий бейнесин сактап келүүдө.

Элибиз айкөлдүктү, адилеттүүлүктү дайыма жогору туткан. Коомдук кызыкчылык үчүн бир тартипке баш ийген.

Ушундай баалуулуктарды алып жүргөн кыргыз журту бүгүнкү күндө ааламдашуунун шарттарында татыктуу ордун табат деп терең ишенем.

"Манас" барда кыргыз бар, кыргыз барда Саякбай атабыздын жаркын элеси жана бизге улуу муундардан улап калтырган рухий мурасы жашай бермекчи".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан