Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Супер-Инфо” гезитин Ардак грамота менен сыйлады

6-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ММК өкүлдөрүн чакырып, сыйлык тапшырды. ӨКМ Ош шаарында болгондуктан, телекөпүрө аркылуу министр куш калем ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар сыйлык тапшырды. ӨКМнын аймактык өкүлчүлүгү да ММК кызматкерлерин сыйлыксыз калтырган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз кызматташкан “Супер-Инфо” гезити Ардак грамота менен сыйланды. Ошондой эле “Супер-Инфо” гезитинин Талас облусу боюнча координатору Канымжан Усупбекова да министрликтин Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан