Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев, Эркингүл Иманкожоева Швейцариянын Базель шаарында өтүп жаткан суу ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча эл аралык конференцияга катышууда. Муну 25-ноябрда парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Суу ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча эл аралык конференциянын (Integrated Water Resources Management) негизги максаты - сууну пайдалануу жана электр энергиясын натыйжалуу иштеп чыгууга ылайык гидрокурулуштарды курууну технологиялык жактан өнүктүрүү жаатында Швейцариянын тажрыйбасы менен таанышуу жана алмашуу.
Иш-чара Швейцария Конфедерациясынын Эл аралык иштер боюнча федералдык департаменти тарабынан 2014-жылдын 23-27-ноябрь күндөрү өтмөкчү.