Шамил Бердалиев өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен Жеңишбек Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду.