Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу маселеси - мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Жергиликтүү бийлик калкка мамлекеттик жана муниципалдык эффективдүү тейлөө көрсөтүүгө таасирин тийгизет. Мындай пикирин парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы Наталья Никитенко комитеттин 25-ноябрдагы жыйынында билдирди. Жыйында жергиликтүү бийликтин ишине тийиштүү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Жыйынтыгында аталган тармак боюнча укуктук-нормативдик актылардын долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынганын билдирет ЖКнын маалымат кызматы. Жумушчу топ ишинин жыйынтыгын 2015-жылдын 20-февралына чейин көрсөтүүгө тийиштиги белгиленди.