Айыл чарба министри 19 тонна курманын Орусиянын чек арасынан эмне үчүн артка кайтарылганын билбейт

Депутат Улукбек Кочкоров 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 2 күн мурун кыргызстандык дыйкандардын 19 тонна курмасы Орусиянын чек арасынан кайтарылып келгенин билдирди. Депутат айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевден“Айтыңызчы, эмне үчүн курмалар кайтырылып келди?”- деп сурады. Министр: “Мен билбейт экенмин, сертификаты жок болгону үчүн кайтарылып келген болушу мүмкүн”,- деп жооп берди. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров: “Билбесеңиз, “билбейм” деп эле айтпайсызбы, божомолдобой”,- деп кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан