Парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында Кыргыз ССРинин Эл артисти, композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча токтом долбоору каралды. Демилгечилер аталган инсандын кыргыз маданиятына кошкон салымын белгилешип, анын чыгармалары тууралуу депутаттарга маалымат беришти. "Жумамүдүн Шералиев 700дөн ашык чыгармага обон жазган",- дейт депутат Каныбек Осмоналиев. Токтом долбоорун парламент добуш берүүгө жөнөттү.