Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору акчанын жоктугунан улам иштебей жатат. Муну депутат Сайдулла Нышанов "Парламент" радиосунун 27-ноябрдагы түз эфиринде билдирип, тийиштүү акчаны Польша бергени жатканын кошумчалады. "Польша өкмөтү Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө 40 миллион евро суммасында насыя бөлгөнү жатат. Мунун 16 миллиону малды паспорттоштуруу ишине жумшалат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, аталган насыя жакын арада берилип калат. Мунун арты менен Кыргызстандагы малдын так саны да аныкталып калмак. Азыр өлкөдөгү малдын болжолдуу гана санын пайдаланып жатабыз",- деди депутат.Айта кетсек, тийиштүү мыйзамга ылайык, өлкөдө жаныбарларды паспорттоштуруу иши 2017-жылы аяктоого тийиш.