"Республика" фракциясы 11-ноябрда төңкөрүш жасоого даярданып жатат" деген маалыматка жооп узатты
Бүгүн
Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын кезексиз жыйынында катышуучуларга видеотасма
көрсөтүлүп, анда Айсулуу Дүйшөнбекова аттуу аялдын белгисиз бирөөлөр менен
сүйлөшүп отурганы, сөз арасында “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов,
ЖКдагы “Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун, Камчы Көлбаевдин
жана бир катар адамдардын ысымы аталып, 11-ноябрда
мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракеттер тууралуу сөз камтылган. Буга жооп кылып, ЖКдагы “республикачылар” өз
пикирин билдиришти. Билдирүүдөн кыскача:
"Биз,
“Республика” фракциясынындепутаттары, "ЖКнын “Республика”
фракциясынын төрагасы А.Сулайманов, “Республика” саясий партиясынын төрагасы Ө.Бабанов
2012-жылдын 3-октябрында болгон митингге катыштыгы бар жана 2012-жылдын 11-ноябрында
революция жасоого даярданып жатат" деген мааниде өз ашканасында маектешкен
адамдардын сөздөрү тартылып алынып, интернеттеги маалымат сайттарына жайгаштырылган
видеотасма “Республика” фракциясын, фракциянын төрагасы А.Сулаймановду, “Республика”
партиясын, партиянын төрагасы Ө.Бабановду жергиликтүү кеңештердин жана Бишкек
шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо алдында жаман атты кылып, каралоо максаты
менен атайын жасалган ыплас аракет деп эсептейбиз.
УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ видеотасманы тарткан, аны
интернет сайттарына жайгаштырган адамдарды иликтөөгө алып, жарандын укугун
басмырлаган, адамдык ар-намысына, беделине шек келтирип шылдыңдаган аракеттери
жана негизсиз жалган маалыматтарды коомчулукка тараткандыгы үчүн аларга карата
кылмыш ишин козгоосун талап кылабыз”.