Орусия Өзбекстандын 860 миллион доллардан ашык карызын кечти. Муну бүгүн, 10-декабрда орусиялык маалымат булактары жарыялашты. Владимир Путиндин Ташкентке болгон иш сапарында эки тараптуу каржылык талаптарды жана милдеттенмелерди жөнгө салуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Документке эки өлкөнүн президенттери кол коюшту. Владимир Путин менен Ислам Каримовдун катышуусу менен 2015-2019-жылдарга экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга да кол коюлганы айтылды.