Жогорку Кеңеш 2014-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын карап жатат

Жогорку Кеңеш 11-декабрда "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карап жатат. Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаевдин берген маалыматына караганда, республикалык бюджеттин өсүшү 6,2 пайыз өлчөмүндө белгиленсе, учурда 4,5 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Салыктык жана бажылык алымдардын кыскарышына жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көбөйгөнүнө байланыштуу бюджетте бир катар айырмачылыктар болот.

Каржы министри Ольга Лаврованын билдиришинче, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 100 миллиард 42 миллион 752 миң сомго, чыгаша бөлүгү 115 миллиард 673 миллион 696 миң сомго чейин көтөрүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан