Орусияда 2015-жылдын 1-январынан баштап эмгек мигранттарына болгон квота жокко чыгарылат, буга байланыштуу мигранттар юридикалык жактарда патенттик негизде иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Маалыматты 11-декабрда Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.
Буга чейин Орусиянын аймагындагы чет элдик эмгек мигранттары жеке жактарда патенттик негизде, юридикалык жактарда жумушка уруксат берүүчү документтин негизинде иштеп келишкен. Муну менен Орусия өкмөтү юридикалык жактарга ишке орношууга уруксат берүүчү документти ала турган мигранттардын квотасын бекиткен. Бул квота 2014-жылы 1,6 миллион адамды түзгөн. Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, Орусия аймагында 13 миллионго жакын эмгек мигранттары бар (ар кайсы өлкөдөн).
Бирок жыл ичинде юридикалык жактар керектүү жумушчулар менен толук камсыздалган эмес, анткени көптөгөн эмгек мигранттары жумушка орношууга уруксат берүүчү документтерин алышкан эмес. Ортомчулар бул документти бүтүрүп берүү үчүн 40 миң рублга чейин акча талап кылышканы айтылды.
2014-жылдын декабрь айында Орусия тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, муну менен эмгек мигранттары кийинки жылдын 1-январынан тартып юридикалык жактарда патенттик негизде (жумушка орношууга уруксат берүүчү документтин негизинде эмес) иштөөгө уруксат алышты. Муну менен чет элдик мигранттардын легалдашуусуна шарт түзүлүүдө. Патенттин баасы ар бир аймакта өз-өзүнчө аныкталат жана анын мөөнөтүн 1 жылга чейин узартып алууга болот.
Мисалы, Кыргызстандын жараны Орусияга барган максатын "жумуш" деп атаса, анда жаран 30 күндүн ичинде патент алуу боюнча арыз берүүгө милдеттүү. Документти миграциялык кызматта жана жергиликтүү бийлик органдары бүтүрүп беришет.