Кыргызстанда көмүрдөн газ өндүрүү боюнча кыргыз-түрк меморандумуна кол коюлду

Жакындагы интервьюсунда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын түштүк аймагын газ менен камсыздоонун эки жолу табылганын айткан эле. Анын бири: Баткенде көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жакынкы күндөрү инвестор менен өкмөттүн ортосунда келишим түзүлөрүн билдирген болчу президент. 
Аталган долбоорду түркиялык компания ишке ашырмакчы. Тийиштүү документке бүгүн, 16-декабрда Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен түркиялык компаниянын ортосунда кол коюлду.
Өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык, компания 3 айдын ичинде көмүрдөн газ өндүрүү ишине байланышкан жагдайлар тууралуу толук маалымат берет. Долбоорду ишке ашырууда экологиялык жана техникалык коопсуздуктун, жаратылышты коргоо стандарттарынын жана башка тиешелүү талаптардын толук сакталары аныкталса, аталган компания ишти баштоого лицензия алат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан