Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Муну парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 16-декабрдагы жыйынында Экономика министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев билдирди. "Бул тууралуу буйрук 15-декабрда чыкты, комиссия ишин жакында баштайт. Бир айдын ичинде заводду текшерип чыгып, маалымат беребиз",- деп билдирди Жумалиев.
Эскерте кетсек, аталган завод экологияга, аймактын жашоочуларына зыян тийгизип жатканын айтып, бир нече жолу митинг өткөн. Буга чейин заводду текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутаттар мекемелер аралык комиссия түзүп, заводду кайрадан текшерүүгө алууну сунушташкан эле.