ЖКнын комитетинде КТРКнын башкы директорунун коомдук-саясий жана диний уюмдарга мүчө болуусуна тыюу салынды
“КРнын Коомдук телерадио корпорациясы жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду
киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин Билим
берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин отурумунда I окууда
каралды. “КТРК жөнүндө” мыйзамда КТРКнын
Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоодо Жогорку Кеңеш тарабынан 5 талапкер бекитилери
каралган.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында,
сунушталып жаткан долбоордо аталган Жогорку Кеңеш бекитүүчү 5 талапкерден
бирден кем эмес ордун парламенттик оппозицияга берилери белгиленген. Ошондой
эле КТРКнын башкы директору коомдук-саясий жана диний уюмдарда мүчө болбоосу
каралган. Мындан сырткары башкы директордун жылдык отчёту Байкоочу кеңеш
тарабынан бекитилбеген учурда кызматынан бошотулары киргизилген. Соңунда комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечими менен
Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.