Орусияда 16-декабрь күнү доллардын курсу 80 рублга, евро 100 рублга жетти. Бул аралыкта Борбордук банктын төрайымы Эльвира Набиуллина орусиялыктарды рублдун алсыздыгы коштогон жаңы реалдуулукта жашоого ыңгайлашууга чакырып: "Рублдун алсызданышы - жаңы шарттарга ыңгайлашуу үчүн Орусия экономикасына берилген сигнал",- деп билдирди. Набиуллина рублдун арзандашын мунайдын баасынын төмөндөшү жана орусиялык компаниялар менен банктардын батыштан капитал алуу жолунун буулушу менен байланыштырды.
Акыркы маалыматтарга таянсак, учурда 1 доллардын баасы 72 рублга, 1 евро 91 рублга чейин түштү.