Талас. Маданият күнүнө карата сүрөт көргөзмөсү өттү
Фотокөргөзмө 6-ноябрда Талас шаарындагы А.Огонбаев
атындагы музыкалык мектепте өттү. Анда маданияттын мыкты кызматкери, учурда
облустук музыкалык драма театрында оператор жана фотограф болуп иштеп жаткан
Бердибек Султанмуратовдун 60тан ашык сүрөтү коюлду. Фотокөргөзмө өз ичине спорт,
медицина, саясий жана коомдук турмуш, каада-салт, тарыхый жерлер жана башка бир
топ багыттагы сүрөттөрдү камтыды. Айта кетсек, Бердибек мырза учурда ичине
3000ден ашык сүрөттү камтыган эл аралык маанидеги фотоальбом чыгарып жатат. Ага Түркия мамлекети демөөрчүлүк кылууда.