Эсенгул Исаков малды паспорттоштуруу ишинин кечигип жатышына чиновниктерди айыптады

“Айрым чиновниктер малды паспорттоштуруу кызматын Казакстандан көчүрүп алуу аракетин жасап жатышат”,- деп билдирди депутат Эсенгул Исаков Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында. Анын айтымында, Польшадан малдарды паспорттоштуруу үчүн бөлүнчү 16 миллион евро боюнча макулдашуудан айрым чиновниктер баш тартып, малды паспорттоштуруу ишин Казакстандан көчүрүп алуу аракетин жасап жатышат. "Алар сырттан келген акчалардын 10 пайызын жеп көнүп калгандар. Мен маалымат алдым, Казакстандын 2009-жылы бекитилген мал башын идентификациялоо усулу өзүн актабай калыптыр. Кыргызстан эми ал жолго түшсө эмне болот? Ошондуктан кыргыз тарап Польша менен кол коюлуп, парламент тарабынан ратификацияланган өкмөттөр аралык макулдашуунун талаптарын аягына чыгарышы зарыл",- дейт Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан