"Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда соода байланыштары бар болсо да, рубль сомго түз таасирин тийгизбейт",- деди бүгүн, 18-декабрда маалымат жыйынында КРнын Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов.
Анын айтымында, рублдун арзандашы жакынкы мезгилде Кыргызстанда сезилбейт. "Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү перспективада экономикабызга ири акчанын келиши керек. Мындан улам экспортко багытталган ишканаларды колдоо боюнча программанын үстүнөн иштөө зарыл",- деди ал.