Кыргызстанда 11-декабрдан бери электр энергиясы боюнча жаңы тарифтер иштеп жатат. Ага ылайык, абонент 700 киловатт электр энергиясы үчүн 70 тыйындан, андан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөөгө өтөт. Мындан улам абоненттерде "11-декабрга чейин колдонулган электр энергиясы кантип эсептелет?" деген суроо жаралган. Буга жоопту энергетика жана өнөр жай министри
Кубанычбек Турдубаев "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди.
"Бир айда колдонулган электр энергиясынын көлөмү ар бир суткага бөлүнөт. Автоматташтырылган системдин жардамы менен 10 күн ичинде (11-декабрга чейин) колдонулган электр кубаты боюнча өзүнчө эсептөө болот. Бул жаатта абоненттер кооптонбой эле койсо болот, эсептөөлөр так аныкталат",- деди министр.