Асылбек Жээнбеков: "Энергетикадагы долбоорлор өнөр жайды өнүктүрүүгө жол ачат"
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту. Парламент жетекчиси энергетикалык коопсуздукту жана транспорттук-коммуникациялык көз карандысыздыкты камсыздоого багытталган ири долбоорлорду атады."Биз өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн пайдубалын түптөп жатабыз. Энергетика тармагындагы бир катар долбоорлор өнөр жайды өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Инвесторлорду тартуу үчүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылышыбыз керек",- деди Жээнбеков. Төрага сот жана укук коргоо органдарын реформалоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, Кыргызстандагы диний саясатты жөнгө салуу маселелерине токтолду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары ички унаа жолдорду оңдоо, сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, бала бакчалардын тартыштыгы, суу жана токой чарбасындагы жумушчулардын айлык акысын жогорулатуу маселелерин айтышты. Жер титирөөдөн жабыркаган Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы бир катар социалдык объектилерди калыбына келтирүү талаптарын да айтышты.