Энергетика министри Бишкек жылуулук электр борборунда электр кубатын өндүрүүнү күчөтүү керектигин айтты

Кыргызстан Советтер Союзунун учурунда жылына 4,5 миллион тонна көмүр өндүрүп келсе, СССР таркагандан кийин бул көлөм 300 миң тоннага чейин кыскарган. Учурда өкмөт көмүр секторун калыбына келтирүү боюнча бир катар программаларды иштеп чыгууда. Маалыматты 18-декабрда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевге шилтеме берүү менен парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Министрдин айтымында, бул жааттагы иштердин бири - атайын техникаларды сатып алуу үчүн "Кыргыз көмүр" ишканасына 50 миллион сом бөлүнүшү.

Турдубаев Бишкектеги Жылуулук электр борборуна жеткирилчү көмүрдүн көлөмүн көбөйтүү боюнча "Кыргыз көмүр" ишканасы менен макулдашуу түзүү пландалып жатканын кошумчалады. "Учурда ЖЭБге 1 миллион тонна көмүр ташып келүү менен алектенип жатабыз. ЖЭБди көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздап, электр энергиясын өндүрүүнү күчөтүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү зарыл",- деди министр.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан