2016-жылы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жумуш күнүн таңкы спорттук көнүгүүлөр менен башташат

2016-жылдан тарта 15 мамлекеттик мекеменин кызматкерлери жумуш күнүн эртең мененки спорттук көнүгүүлөр менен башташат. Бул үчүн 10-15 мүнөт сарпталышы мүмкүн. Алдыдагы бир жыл ичинде атайын регламент иштелип чыкмакчы. Муну бүгүн, 20-декабрда SUPER.KG порталына Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин массалык спорт түрлөрүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев кабарлады.

Анын айтымында, быйыл окуучулардын сабак башталганга чейин таңкы көнүгүүлөрдү аткаруусу пилоттук долбоор катары 4 орто мектепке киргизилген. 2016-жылдан тарта бул практиканы мамлекеттик мекемелерде байкоо Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы пландарынын катарына кирген. "Эртең мененки көнүгүүлөр 1 күн бою отуруп иштеген кызматкерлерге күч берип, иштөөгө болгон жөндөмдөрүн арттырат",- деп кошумчалады К.Арпачиев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
arxinur
2014-12-20 13:28:22
2015 эмеспи???
0
Максат Кудайбердиев
2014-12-20 13:40:55
arxinur, Жок, 2016-жылдан тарта
0
talant87
2014-12-20 14:08:57
анда Жогорку кенештен башташ керек
0
suiuktuujar
2014-12-20 14:09:32
Жакшы экен дагы бир жыл бар экен коро жатарбызго.
0
arxinur
2014-12-20 14:18:36
Максат бул маалыматты 2015 деп ондосон туура болор эле
+1
Максат Кудайбердиев
2014-12-20 17:57:17
arxinur, оңдогонго эч кандай себеп жок. 1 жыл ичинде регламент иштелип чыгат, 2016-жылдан тарта ишке кирет.
0
faha
2014-12-20 18:37:02
arxinur, Emne uchun ondosh kerek? Shashpay toluk karap, anan katasyn aytsak jakshy boloor ele... Keede grammatikalyk katalardy aytkan jakshy, birok ozubuz toluk okubay kata tapkanybyz tuura emes...
0
nargiz_96
2014-12-20 15:23:10
Жинди болуп калдыбы
-1
iskend
2014-12-20 15:34:21
Мамлекеттик кызматкерлерге мээсине конугуу жасашса жакшы болмок.
0
557
2014-12-20 16:09:16
байкуш мамлекет эми ага спортивка, душ, гель для душа деп акча болушот дагы бир коррупциянын башаты, бироонун фирмасынын спорт буюмдары отпой калса керек да.
+1
Ariet7
2014-12-20 17:49:39
Жакшы да жасашса оздоруно ден соолугуна
0
K.Batken
2014-12-20 17:59:23
min arakettenishseda bularyndan tolk chykpait...kuru-beker araket kylbagyla!
0
kursantbek
2014-12-20 22:14:45
бизде армияда деле жасашчу эрте менен ошондой еле болот екенда))))
0
Ajar.
2014-12-22 13:52:48
Мындай нерсе СССРдин убагында эле бар болчу. Күндө эртең менен радиодон да саат 7:15те атайын таңкы көнүгүүлөр болчу, музыканын коштоосунда.Спортко аябай көнүл бурулчу, ар бир мектепте лыжа бар эле, бул СССРдин жакшы жактарынын бири болгон.
0
Ajar.
2014-12-22 14:01:13
Жакшы нерсени улантып кетүүгө, аны кабыл алууга неге болбосун, бул ишке ашып калса, Кыргызстандын калкынын ден соолугу чың болуп, сергек жашоого умтулуп калабыз да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан