Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн Бажы союзуна кошулушуна даярданууда

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-декабрда өлкөнүн Евразиялык экономикалык союзга кошулушуна даярдыгы тууралуу кеңешме өткөрдү. Биримдикке кошулуу алкагындагы иштер ойдогудай жүрүп жатканын белгилеген өкмөт башчы: "Учурда Кыргызстандын евразиялык интеграцияларга кошулушундагы иштердин планын аткаруу жагы активдүү жүрүүдө. Евразиялык экономикалык союзга кошулуу - өкмөттүн негизги максаттарынын бири",- деп билдирди.
Тийиштүү органдардын өкүлдөрү өлкөнүн аталган биримдикке кошулуусу боюнча келишимдин долбоорунун пункттарын талкуулашканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  
Айта кетсек, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү келишимине 23-декабрда кол коюлмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан